Мектептеги акча чогултууларга мугалимдердин тиешеси болбош керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Бүгүнкү күндө мектептеги ата-энелердин фонддору бар. Кээ бир учурларда мектептин директорлору, мугалим жамааты ата-энелердин акча чогултуу фонддоруна аралашып, ар кандай тапшырмаларды беришет.Бул мыйзамда мектептеги акча чогултууларга мугалимдердин тиешеси болбош керек. Аны ата-энелер өздөрү чечет деди,- вице-премьер –министр.
Андан тышкары, Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү күндө билим берүү тармагындагы чыгымдардын 90 пайызы мамлекет тарабынан төлөнө турганын айтты.