• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөт менен Финполдо иштеген мурдагы кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды

20 Тогуздун айы 2020 9:59 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары К.Б.Т. жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Ж.Э.Э.нин ири өлчөмдөгү пара алууга тиешеси бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,мамлекеттик органдарында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

«Аталган кызмат адамдары жеке ишкерден Каржы полициясы тарабынан контрабанда фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу маселени чечип берүү үчүн акча алышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМК бакшы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2020-жылдын 19-октябрында ыкчам-тергөө иштеринни алкагында «К.Б.Т.» жана «Ж.Э.Э.» КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 69