• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөт Орусиядан кумшекер менен өсүмдүк майын сатып алат

26 Жалган куран 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан азык-түлүк базарындагы бааны турукташтыруу максатында Орусиядан кумшекер жана өсүмдүк майын өз баасында сатып алып, апрель айында өлкөгө алып келгени жатат. Бул тууралуу Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 500 тонна өсүмдүк майы жана 3000 тонна кумшекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү. Май жана кумшекер Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддун кампасына келип түшөт.

Соңку бир жылда Кыргызстанда азык-түлүк эки эседен ашуун кымбаттады. Буга байланыштуу 18-мартта Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды.

Количество просмотров: 136