• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ: Түптө сел каптаган 98 үй тазаланды

15 Баш оона 202312:00 Бишкек Govori.TV

Түп районунда сел каптаган 98 турак үй жана короо жайлар тазаланды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Корумду айылында 41, Көөчү айылында 24, Талды-Суу айылында 33 үй, 1 мектептин ашканасы, 1 бала бакчанын жертөлөсү, короо жайларытолук тазаланып, 13 ички чарбалык көпүрө жана 5450 метр ички чарбалык жолдор калыбына келтирилген. Ветеринардык кызмат тарабынан өлгөн малдардын тарпы жерге көмүлүп, дезинфекция иштери жүргүзүлгөн.

3 айылда селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн, 15-августта да улантылат.

Количество просмотров: 112