• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Өкмөт толук курам менен беткапсыз түшкөн сүрөт тууралуу билдирүү таратты

18 Кулжа 202018:59 Бишкек Govori.TV

17-июнда Өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Кубатбек Боронов мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.

Залда Абылгазиевди узатуу иш-чарасына чогулгандар беткап тагынбагандарын коомчулук сынга алууда. Беткап тагынбагандардын арасында Абылгазиев менен Боронов дагы бар. Ал эми учурда жүрүп жаткан пандемияга каршы 1.5 метр социалдык аралыкты сактоо менен бирге беткап тагынуу керек экенин өкмөт өздөрү айтып келет. Ал эми 100дөн ашуун адамдын бири-бирине жанаша жана беткапсыз турган сүрөт коомдо ар кыл пикирлерди айттырды.

Коомчулуктун мындай сынына Өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

“Эстелик үчүн түшкөн сүрөттү көрүп каап дегени да, бетим дегени да бар, урушуп тилдеп жаткандар андан көп. Окуп, көрүп жатабыз. Ак чөп башта, аз айыбыбызды кечириңиздер! Кечээ эле эмес, сыноо келген март айынан тарта бел чечпей, бет кабын жүзүнөн түшүрбөй иштеп жаткан команданын ишин бир сүрөт менен жокко чыгарып койбосоңуздар… Адамгерчилик менен кабыл алып, ачуу сөздөн алыс болсок дейм. Кошумчалай кетчү бир жагдай – Аппараттын ар бир кызматкери күн сайын эртең менен ишке келгенде дене табы текшерилгенден кийин гана имаратка киргизилет. Ошол эле учурда сөзсүз беткап тагынабыз. Өкмөт үйүнүн ичинде санитайзерлер орнотулган”, – деп жазган Эсенгулов.

Количество просмотров: 1089