• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Өкмөт уран кенин иштетүү тууралуу үн катты

19 Чын куран 201910:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.

Кызыл-Омпол уран-торианит чачылмалардын топтому (Баке, Таш- Булак, Узунсай, Түндүк, Оттук) 1951-жылы ачылган, батыш тарапта, Кыргыз кырка тоосунун чыгыш акырынын бѳлүгү Кызыл-Омпол тоосунда жайгашкан.

Административдик жагынан аталган чачылмалар Ысык-Көл областынын Тоӊ районуна жана Нарын областынын Кочкор районуна кирет. «UrAsia in Kyrgyzstan» (ЮрАзия в Кыргызстане) ЖЧКна Кызыломпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилген. Компаниянын негизги изилдѳѳ объекти болуп Таш-Булак чачылмасы болуп эсептелет.

Аныкталган запастары: уран 3,5 миӊ тонна, торий- 8,54 миӊ тонна, фосфор — 10 миӊ тонна, цирконий — 34 миӊ тонна жана титан-магнетит — 1,6 млн. тонна түзѳт. Уран-торианит чачылмалары жердин бетинде жайгашкан, азыркы учурда жердин бетинин жалпы радиациялык фону 40тан 80ге мкР/саат, айрым бѳлүмдѳрдѳ 130-150 мкР/саат чейин түзѳт. Радиоактивдик кумдардын негизги массасы кесиктин (разрездин) ѳйдѳнкү бѳлүгүндѳ 25 метр тереңдикте турат. Ѳйдѳнкү катмарларды иштетүү радиоактивдик кумдардын алып чыгаруу үчүн радиациялык фондун жалпы деңгээлин тѳмѳндѳтѳт. Компания сунуштаган Таш-Булак чачылмасынын иштетүү ыкмалары – кумдарды гравитациялык жолу менен тазалоо экологиялык таза ыкма, айландырылган техникалык сууну колдонуу бурамалуу сепарация ыкма. Эч кандай реагентттер, техникалык суудан башка колдонулбайт.

Казып алынган радиактивдүү кум Кара-Балта тоокен комбинатына кайра иштелип чыгууга жөнөтүлөт, гидрометаллургиялык процесстен кийин уран, торий, титаномагнетит, цирконий жана пятиокись фосфор элементтери пайда болот.

Бардык тазаланган материал бир жерге салынып, рекультивацияланып, анын ордуна жайыттарды калыбына келтирүү үчүн топурак-ѳсүмдүк катмарын калыбына келтирилет жана кѳп жылдык чѳптѳр отургузулат. Концентраттар Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктү ташуу техникалылык регламентине ылайык , радиоактивдүү коопсуздукту сактаган атайын контейнерлерде темир жол менен ташылат. Кенде кумду тазалап турган жылдырылма модуль иштеп турат. Фабрика салынбайт, иштеп чыгуу процесстери Кара-Балта комбинатында жүргүзүлөт. Таш-Булак кенин иштетүү программасына жалпы 10 млн АКШ доллардан кем эмес акча каражат сарпталат.

Кенди иштетүүгө жергиликтү эл үчүн 200-220 жумуш орун ачылат, Кара-Балта комбинатында болсо 500дөн ашуун жумушчу эмгектенет. Программа Кара-Балта тоокен комбинатын 25 жыл иштетүүгө белгиленген. Азыркы учурда компания ТЭН ( Техникалык-экономикалык негиздеме) жана КЧТБ (Курчап турган Чөйрөгө Таасирди баалоо) техникалык долборлоо иштерин аткарат. Аталган эки документ коомдук угууга жана жергиликтүү эл менен макулдашууга чыгарылат.

Маалымдама: » Кыргызстандагы ЮрАзия » ЖКЧсы чалгындоо прораммасына жалпысынан 271 млн сомдон ашык акча каражат сарптайт. Компания Ыссык-Көл областынын Тоң районунун ири салык төлөөчүлөрдүн катарын толуктайт. 2012 жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна 23 милион сомдон ашуун акча каражат которгон, Тон районунун Салык салуу мамлекеттик башкармалыгына 10 миллион сом салык төлөгөн. Компания Лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдү 32.2 миллион сомду Тоң районун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө которгон, жана 13.3 миллион сом Кочкор районунун Семизбел айыл өкмөтүнө которгон. Кошумча, Лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдү компания 2012-2018 жылга карата 30 млн сом төлөп жатат. Азырку учурда чалгындоо иштерин 112 киши жүргүзүп жатат, алардын ичинен 90 киши -жергиликтүү эл.

Количество просмотров: 30