• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

ӨКМ тик учакты башкара алган жарандарды издейт

19 Баш оона 2022 13:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов соцтармактагы баракчасында түз эфир куруп, коомчулукка маалымат берди.

Эфир учурунда Шамырканов министрлик тик учакты башкара алган адистерди издеп жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө биз тик учакты башкара алган адистерди издеп, кулактандыруу бердик. Кыргызстандын жана башка өлкөнүн жараны болсо дагы, бизге келип кызмат кыла алат. Айлыгы кеминде 3 миң доллар болот”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 13-августта ӨКМге жаңы атайын техникаларды тапшырган. Тактап айтканда, Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды.

Количество просмотров: 743