Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керек.
Көчкү түшүү коркунучу бар аймактар:
— Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу);
— 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуу, Чычкан капчыгайы);
— Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында;
— Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
— 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы);
— Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында;
— Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.