• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Радиожыштык иши: Өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды

16 Бештин айы 202012:08 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы «А.А.М.» кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-декабрында аталган иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы «А.А.М.» кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, өкмөттүн расмий сайтында өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Араев Азамат Муратович экендиги көрсөтүлгөн.

Теги:
Количество просмотров: 149