Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылып, ооруканага жаткырылды.
Жол кырсык 23-ноябрда эртең менен Бишкек-Торугарт жолунун 156-чакырымында болгон. Toyota Land Cruiser Prado унаасынын айдоочусу, Ак-Суу районунун 24 жаштагы тургуну К.Б. башкаруусун жоготуп, унаа оодарылып кеткен. Унаанын ичинде отурган облус жетекчи Жантаев жаракат менен Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды.
Бул факт КЖБРне катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.