Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.
«Прецедент» премиясынын комитети тарабынан ар жыл сайын бериле турган «Прецедент 2018» сыйлыгын тапшыруу аземи 27-мартта болду. Бул иш чара 2016-жылдан бери жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында ишке ашып келет.
2018-жылдын премиясы Ысык-Көлдүн Чырак айылынын тургуну Имаш Азарбаевге ыйгарылды. Ал сыйлыкты региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында өз күчү менен айылына суу киргизгендиги үчүн алган.
Имаш Азарбаев өзү демилге көтөрүп, айылдаштары колдоп, таза суу чыгарып алышкан. Качан президент, өкмөт, депутат, губернатор, аким келет деген суроо жок эле, өздөрү уюшулушуп, айылдын турмушун жакшыртып алышкан. Арыктан суу ичип, жугуштуу ооруларга чалдыккан айыл жашоочулары, эми таза суу ичип жыргап калышканы айтылды.
Бул премия 3-жолу тапшырылып жатат. Биринчисин Гүлнара Джурабаева, ал эми экинчини Мирбек Асангариев «Bridges» деп аталган майыптар үчүн отель курганы үчүн алган.