• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

ӨКМ: Жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп кетти

3 Теке 2019 9:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондордун саны көбөйүп жатат. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга кайрылып, жайкы мезгилде сууга түшүүдө этият болууга чакырууда.

Мекеме шар аккан сууга, терең саздарга жана көлмөлөргө түшпөөгө кеңеш берип, сууда сүзө турган кемселдерди кийип алуу зарыл экенин эскертти. Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдиргендей, быйыл жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп кетти. Анын он сегизи 12 жашка чейинки балдар, он экиси өспүрүмдөр.

«Ошол 57 кишинин 30у жайкы мезгилде ар кандай себептер менен чөгүп кетишкен», — деди ал.

Ушул күндөрү чөнтөк телефондорго балдарды абайлоого чакырган эскертмелер жөнөтүлүп жатат.

2018-жылы Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында кырсык көп катталган. Каза тапкандардын 80и адам жай мезгилинде сууга чөккөн.

Количество просмотров: 2