• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

КМШ миссиясы: Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумда олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок

12 Чын куран 2021 11:57 Бишкек Govori.TV

Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун өкүлдөрү, КМШ миссиясы, Орусиядан келген байкоочулар Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумда олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун билдиришти.

Байкоочулар 12-апрелдеги брифингде шайлоо жана референдум демократиялык негизде, ачык, таза өттү деген баа беришти.

БШКнын маалыматына 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга 200дөй эл аралык байкоочу көз салды.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлган.

Баштапкы жыйынтыкка ылайык, референдумда шайлоого келгендердин 79% ашыгы президенттик башкаруу ыкмасын колдошту.

Количество просмотров: 73