• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коңшу мамлекеттен мыйзамсыз айдалып келген унаа кармалды

7 Кулжа 2023 14:18 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан Кыргызстанга кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2023-жылдын 5-июнунан 6-июнуна караган түнү Лейлек районунун Раззаков шаарында Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул тууралуу атайы кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бул унаа жасалма номурлар менен болгон жана ыкчам маалыматтар боюнча, коңшу мамлекеттин аймагынан мыйзамсыз айдалып келген.

Кошумчалангандай, унааны өзүн Нарын облусунун прокуратурасынын кызматкеримин деп тааныштырган Лейлек районунун тургуну, КР жараны А.Д.А. башкарып бара жаткан.

Учурда УКМК облустук прокуратура менен биргеликте тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 77