• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кочкордо тургундун унаасынан мыйзамсыз олжолонгон коён, мылтык жана ок-дарылар табылды

19 Бештин айы 2022 17:43 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Кочкор районундагы Буркан жайлоосунда “ВАЗ 2109” үлгүсүндѳгү унаанын ичинен мыйзамсыз олжолонгон коён, 16 калибриндеги мылтык жана ок-дарылар табылган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндѳ Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын 40 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну эч бир уруксат кагаздарын жок аңчылык кылып жүргѳндүгү аныкталган.

Жеринен акт түзүлүп. Топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 473