• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатышты

24 Теке 201811:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV
Бүгүн 24-июлда Кочкордо «Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер да катышты.
Белгилей кетсек, Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кетти.
Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. «Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган.
Количество просмотров: 14