• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кочкордо жол кырсыгынан 4 адам каза болду

19 Бугу 2022 9:40 Бишкек Govori.TV

Кочкордо КамАЗ менен Audi 100 унаасы кагышып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

«Кырсыктын кесепетинен 4 адам: 1999-жылы туулган М. уулу К. – эркек, 1950-жылы туулган И.К – аял, 2 кыз – 2009-жылы туулган С.А., 2017-жылы туулган С.А. каза болгон. 2 эркек 1999-жылы туулган М уулу Ы., 2006-жылы туулган Д.Ө. жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 194