• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кодуранова, Карамушкина жана Жээнбеков сурак берип чыгышты

9 Баш оона 201919:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаттары —Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана саясатчы Равшан Жээнбеков ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыгышты. Депутаттар 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча күбө катары суралды.

И.Карамушкина журналисттерге маалыматты жайылтпоо тууралуу катка кол коюп бергенин, сурак тууралуу айтып бере албай турганын билдирди.

«Негизинен суроолор 7-8-августтагы окуялар — окуя кандай уланды, адамдар каяктан келгени боюнча болду», — деди ал.

Ал сурак узакка созулганын белгилеп: «Сурак сылык-сыпаа өттү», — деди.

Асел Кодураңованын айтымында, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча суралды. Ал маалыматты жайылтпоо тууралуу катка кол койгонун, ошондуктан тергөөчү кандай суроолорду бергенин айта албай турганын билдирди.

Равшан Жээнбеков да ИИМде сурак берди. Анын айтымында, маалыматты жайылтпоо тууралуу катка кол коюп берди.

«Жалпылап айтканда сөз 7-8-августтагы окуялар боюнча болду», — деди ал.

Количество просмотров: 13