• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кодуранова менен Карамушкинанын үй камактагы мөөнөтү узартылды

4 Бештин айы 201918:31 Бишкек Govori.TV

Алмазбек Атамбаевдин мурунку тарапташы Алга Кылычев кийинки жылдын 9-февралына чейин үй камагында калтырылды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Токтомго ылайык, ал саат 22:00дөн 06:00гө чейин үйүндө болушу шарт.

Ошондой эле депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын үй камактагы мөөнөтү дагы узартылды.

Ирина Карамушкина 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар делип шектелүүдө. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Количество просмотров: 75