• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кой-Таш окуясы: Айыпталуучулар Башкы прокурорго кайрылышты

7 Бештин айы 202212:27 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге ачык кайрылуу жасашты. Алар өз кайрылуусунда «Альфа» атайы түзүмүнүн түз командирин жоопкерчиликке тартууну айтышкан.

Ачык кайрылуу:

Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Сотто жабырлануучу катары КР УКМКнын «Альфанын» кызматкерлери көрсөтмө беришүүдө.

Биз, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча мыйзамсыз, ишке ашпай калган атайын операция үчүн “Альфанын” командири Жыргалбек Сыдыковду кызматтан алып, жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз. Атайын бөлүктүн жоокерлеринин сотто берген көрсөтмөсүнө караганда, Жыргалбек Сыдыков атайын операцияга катышып эле тим болбостон, аны жетектеген. «Альфанын» командири Атамбаевдин дарыгерин сабап салганы боюнча тиешелүү видеотасмалар бар

Бирок атайын операциядан майнап чыкпагандан кийин ал экс-президенттин үйүнөн чыгып, кол алдындагыларды коргоого чара көрбөй, анысы аз келгенсип, аларды коркунучта калтырган. Анын ичинде оор жарадар болуп, кийин каза болгон Үсөн Ниязбеков дагы Жыргалбек Сыдыковдун катышуусуз ооруканага жеткирилген. Ошол эле учурда иш материалдарында Жыргалбек Сыдыковдун түздөн-түз калканчтары бар жана атайын операцияны жетектөө жоопкерчилиги маркум Үсөнбек Ниязбековго жүктөлгөн.

«Альфанын»  түз командири жоопкерчиликке тартылган эмес.

Бул жерде түздөн-түз кызыкчылыктар бар. Жыргалбек Сыдыков кызматкерлерге кысым көрсөтөт, ал эми сот аны коргойт.

  • Ниязов Ф.
  • Жээнбеков Р.
  • Сагымбаев К.
  • Кодуранова А.
  • Карамушкина И.
  • Жолдубаева К.
  • Мискенбаев М.
  • Баабиев Ф.
  • Осмоналиев К.
  • Шаменов М.
  • Капарбек уулу Н.
  • Карыпбек уулу Р.
  • Какебаев А.

Количество просмотров: 121