• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы: Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы узартылды

13 Теке 2020 13:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочулар тобу билдиргендей, отурум кайрадан айыпталуучулардын жактоочулары келбегендиктен жылдырылды. «Андан тышкары, айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайдан алып келинген эмес», — дейт прокурор.

Ошондой эле сотто ишти кароонун мөөнөтү жана айыпталуучулардын баш коргоо чарасы 13-сентябрга чейин узартты.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 66