Бүгүн, 27-ноябрда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум өтүүдө.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдиргендей, сотко Алмазбек Атамбаев, президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев алып келинген.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 25-ноябрда өткөн сот отурумунан кийин жактоочулар судья Азирет Медеров Атамбаевге Кой-Таш окуясынан тышкары коюлган «кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу» жана «Кой-Таштагы жер тилкеси» деген айыптарга байланыштуу эки ишти бириктирип, үчөөнү чогуу кароо тууралуу чечим чыгарган.