Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна белгиленген Кой-Таш окуясы жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук отурум 11-майга жылдырылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка караганда, сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин келбей калганынына байланыштуу кийинкиге жылган.
«Соттук отурум 11-майга жылды.Атамбаев өзү катыша албаса да, сот процессин өткөрүлүшүнө макулдугун билдирген кат берген. Ага карабай, сот ушундай чечимдерди кабыл алып жатат, — деп билдирди Жолдубаева.
Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракаттарды алып, ооруканаларга кайрылган.