• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кой-Таш окуясы боюнча сотко Атамбаев алынып келинди

11 Бугу 202011:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтүүдө.

Маалыматка ылайык, айыпталуучулар УКМК менен №1 тергөө абагынан алынып келинди. Сот залында иш боюнча өтүп жаткандардын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Райондук соттун имаратына айыпталуучулардын туугандары жана жакындары чогулганын көрүүгө болот.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 200дөн ашык адам жабыркаган.

Количество просмотров: 575