Бүгүн, 20-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум өтүп жатат. Жараянга экс-депутат Равшан Жээнбеков алып келинди. Сотко жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.
Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов сотко алып келинери кабарланган.
Эске салсак, буга чейин 13-сентябрга белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 20-сентябрга жылдырылган.