• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы: Сот отуруму кайра жылды

17 Аяк оона 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум өттү.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда. 16-сентябрдагы жараянда УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн дагы эки кызматкери көрсөтмө беришти. Кийинки отурум 18-сентябрга жылды.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 55