Бүгун, 27-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясына байланышкан кылмыш ишинин негизинде соттук отурум уланууда.
Сотко Алмазбек Атамбаев, Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков жеткирилди.
Аларды тарапташтары кол чаап тосуп алышты.
Белгилей кетсек, буга чейин 3 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Атамбаев Кой-Таш айылынан жер тилкесин мыйзамсыз алуу, мыйзамсыз баюу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон баш аламандыкты уюштурууга айыпталып жатат.