• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы: Соттук отурумга Атамбаевди алып келишкен жок

22 Чын куран 2022 11:32 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда.

Сотко президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди, ал эми мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди алып келишкен жок.

Белгилей кетсек, мурунку президент буга чейинки өткөн соттук отурумдарда тартип бузуп, сот отурумдарынан чыгарылган. Ал бул кадамын ден соолугунун абалы начар экенидигин, отурумдарда узак убакытка чейин катыша албасын айтып түшүндүргөн.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Белгилей кетсек, Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү деген айыптар тагылган.

Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.

Количество просмотров: 164