2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объекттерге барышты, анын ичинде турак үйлөр, өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмү бар.
Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен 29-августта түзүлгөн.