• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Кой-Таш соту. Жактоочулар келбегендиктен отурум кайрадан жылды

22 Теке 202012:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочулар тобунан билдиргишкендей, отурум кайрадан айыпталуучулардын жактоочулары келбегендиктен 27-июлга жылдырылды.

Андан тышкары, сотто отурум дайыма биринчи жана үчүнчү күндөрү өтөөрү тууралуу чечим кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 28