• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кой-Ташта аскелерди барымтага алууга шектүүлөр изделип жатат (сүрөт)

9 Баш оона 201914:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2019. Govori.TV.

Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын даярдыктагы аскердин өлүмүнө жана аскелерди барымтага алууга шектүүлөр изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызмат кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси («Туткунга алуу») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Укук коргоо органдары шектүүлөрдүн сүрөтүн жарыялап, аларды табышууга жардам сурады.

Эске салсак, 7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Атамбаевди эртеси, 8-августта, милиция Кой-Таштагы үйүнөн кармаган. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.

Количество просмотров: 20