Бишкек.19.07.2019. Govori.TV.
Шабдын ыкчам отуруму болуп өттү. Акыркы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Элдик штабдын туруктуу органдарын: Кеңеши жана Аткаруу комитетин түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Жаңы түзүлгөн органдар Элдик штабдын ишин координациялайт жана багыттайт. (Кеңеш жана Аткаруу комитетинин курамдары тиркелген).
1) Элдик штаб кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу катары мамлекеттик органдардын укуктук талаага кайтып келүүсүн эсептейт;
2) Элдик штаб күч орган кызматкерлерине кылмыштуу буйруктарды аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылаарын эсинен чыгарбоосун айтып кайрылат;
3) Элдик штаб саясий күчтөрдү, коомдук кыймылдарды жана Кыргызстандын жарандарын мыйзамсыздыкка каршы күрөшүү жана биргеликте өлкөнү укуктук жолго кайтаруу, экономиканын туруктуу өсүүсү үчүн масштабтуу элдик кыймыл түзүүгө чакырат.