• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кой-Ташта каза болгон аскерге ок аткан шектүү кармалды

14 Баш оона 2019 20:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.

Кой-Ташта каза болгон УКМКнын атайын багыттагы аскери — полковник Үсөнбек Ниязбековго ок аткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Кактус.медиа жазды.

Маалыматка ылайык, аткан адам Атамбаевдин жан сакчысы эмес, ал тарапташы. Шектүү УКМКнын тергөө абагында.

Каза болгон жоокер өзүнүн куралы менен өлтүргөн, курал аскерлер Атамбаевдин үйүнө бастырып кирген учурда мурдагы президенттин тарапташтары тартылып алынганы айтылган.

Эске салсак, 7-августта кечинде Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийген. Ал ооруканага жеткирилип, операция жасаган дарыгерлерде өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ок жүрөгүн тешип кеткени айтылган.

Количество просмотров: 16