• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кой-Ташта ок жеп каза болгон Ниязбековго полковник наамы берилди

9 Баш оона 201910:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.

Кой-Ташта атылган октон жаракат алып ооруканада каза болгон атайын даярдыктагы аскер 45 жаштагы Үсөнбек Ниязбековго полковник наамы ыйгарылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнатында айтты. 

Эске салсак, 7-август күнү Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын багыттагы аскерлер атайын операция жасашкан. Бирок А.Атамбаевдин тарапташтары аларга каршылык көрсөтүшүп, Ү.Ниязбеков атылган октон жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков оор жаракат менен ооруканага жеткирилген атайын багыттагы 2 аскер кызматкеринин бири көз жумганын билдирген.

«2 спецназ октон жаракат алган. Алардын бири оор жаракаттын кесепетинен көз жумду. Ок жүрөгүн тешип кеткен. Экинчи спецназга операция жасалып жатат. Ок чыгарылды, абалы оор», – деген дарыгер.

Маркумдун туугандарынын айтымында, Үсөнбек Ниязбеков 1974-жылы Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылында туулган жана Бишкек шаарында жашап, иштеп жүргөн. Апасы көп жылдардан бери Санкт-Петербург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы болуп иштеп келет. Ал эми атасы Ош шаарында. Маркумдун артында 4 баласы калды.

Количество просмотров: 16