• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кой-Ташта жабыркаган 20дай адам ооруканага кайрылышты

8 Баш оона 201923:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 8-август саат 21:30га карата Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборуна 8, Курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институтуна 9 жана Улуттук госпиталга 3 жабырлануучу жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучулардын ичинен 16 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборуна түшкөн бейтап жандандыруу бөлүмүндө, анын абалы туруктуу оор. Экинчи жабырлануучу патология бөлүмүндө, абалы орто оор деп бааланууда. Улуттук госпиталга түшкөн бейтаптардын биринин абалы туруктуу оор, экинчисинин абалы орто оор.

Эки күндө, тактап айтканда 7-8-августта Кой-Таштагы окуядан кийин 98 адам (53 адам ооруканада, 21 адам жана 6 атайын багыттагы аскерлер Кой-Ташта) медициналык жардам алды. Алардын ичинен бири — «Альфанын» кызматкери Усен Ниязбеков каза болду. Күч түзүмдөрүнүн 11 кызматкери аскердик ооруканага которулса, 13 жабырлануучу стационардык дарыланууда. Ал эми 83 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 15