Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Кой-Ташта атылган октон жабыркаган адамдардан Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунда саат 00:45ке карата 25 жабырлануучу бар. Бул тууралуу оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.
Ал жардам керек экенин айтып: «Дары-дармек, жараатты таңган буюмдар керек. Жабыркагандар дагы деле жеткирилип жатат. Биз жардам сурайбыз», — деди.
Анын айтымында, оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген атайын багыттагы 2 аскер кызматкеринин бири көз жумду.