Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.
Мурунку резиден Алмазбек Атамбаевди кароо операциясынан улам жаралган башаламандыкта жаракат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов абалы жакшырууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
«Бүгүнкү күндө Самат Курманкуловдун абалы оор, бирок дарыгерлердин билдирүүсү боюнча жакшы жакка жылыш бар. Өз алдынча дем алуусу жана неврологиялык белгилери (сырткы нерселерге реакция жасоо) калыбына келе баштады. Дарылануусун тиешелүү тартипте улантууда», — деп жазылат маалыматта.
Учурда Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунда дарыланып жатат.
Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.