Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кыяз Смаилов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Смаилов декабрь айынын башында №1 абактан которулган.
Смаилов жана А.Атамбаевдин башка тарапташтары 7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин кармалган. Алар Биринчи май райондук сотунун чечими менен «Адамдарды барымтага алуу» жана «Массалык баш аламандык уюштуруу» беренелери боюнча камакка алынган.