Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Буйрукка Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 8-августундагы
№ 3218-VI токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.
Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.
2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы
Разаков Жеңиш Парпиевич — Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Райымкулов Бакытбек Кеңешбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Бакчиев Жаныбек Абдукапарович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мамытов Талант Турдумаматович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Субанбеков Бакирдин Жамалович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Шайназаров Тынчтык Урайимович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Араев Азамат
Муратович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы
(макулдашуу боюнча);
Джаманкулов Марат Тургунбаевич — Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Саккараев Марс Намарбекович — Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким;
Асанкулов Бекболсун Сатаркулович — Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Медетбеков Артур Капарович — “Антитеррор-Альфа” ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Исаков Исмаил Исакович — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Кожоналиев Кубатбек Азатович — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Турсунбек Акун-коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Мамасалиев Алишер Тургунбаевич-эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).