• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кой-Таштагы окуя боюнча 8 кылмыш иши козголду

13 Баш оона 201912:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.08.2019. Govori.TV

Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү болгон окуялардын жыйынтыгында мурунку президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарына карата 8 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, алар — «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу» дагы төрт иш адам өлтүрүүгө жана бейбаштык фактылары боюнча.

Башкы прокурор баса белгилегендей, курамына тергөөчүлөр кирген ведомство аралык комиссия түзүлгөн.

Анын айтуусу боюнча, барымтага алуу жана массалык башаламандыктар боюнча Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев жана М.Шаменовдор кармалган. Соттун чечими менен алар 8-октябрга чейин камакка алынды.

Жамшитов түшүндүргөндөй, Атамбаев курал колдонуу, массалык башаламандыктарды уюштуруу, тергөөгө каршылык көрсөтүү, барымтага алуу, 1 адамды өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракеттерди жасоо фактылары боюнча шектелүүдө.

Атамбаев УКМКнын Тергөө абагында 26-августка чейин кармалат.

Количество просмотров: 12