• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кой-Таштагы окуяга байланыштуу кармалгандар №1 тергөө абагына которулат

12 Баш оона 201913:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.08.2019.Govori.TV.

Кыйноонун алдын алуу борборунун өкүлдөрү Кой-Таштагы окуяга байланыштуу кармалгандардан кабар алышты. Борбордун башчысы Нурдин Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, учурда Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагында кармалып турган тогуз киши бүгүн, 12-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №1 тергөө абагына которулат. Алардын алтоо Кой-Таштагы, үчөө аянттагы ызы-чууда кармалган.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов жана мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары Кыяз Исмаилов, Марат Шаменов жана Амантур Жамгырчиев менен сүйлөшүп, денесинде жараат бар-жогун текшеришти. Жамгырчиевдин көзү шишиген. Бул жараат ал кармалганга чейин эле болгону каттоо журналына жазылган. Калгандары эч нерсеге арызданган эмес. Ал эми аянтта кармалгандардын бирөө милиция тарабынан бутунан жараат алганын билдирген. Бул боюнча Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасына маалымат берилди.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана тарапкер Амантур Жамгырчиев соттун чечими менен 8-октябрга чейин камакка алынган. Ал эми Марат Шаменов 11-августта кармалган.

Кой-Ташта 7-8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова баш болгон бир нече киши суракка чакырылды. Бүгүн, 12-августта КСДПнын мүчөсү Рита Борбукеева сурак берерин билдирген. 

Количество просмотров: 13