• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кол чатыр көтөрткөн прокурор жаңы кызматка барды

24 Чын куран 2023 10:09 Бишкек Govori.TV

 Президенттин администрациясына эки жаңы жетекчи келди. Анын бири Нурлан Сулайманкулов.

Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Сулайманкулов президенттик администрациянын сот жана прокуратура органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, Сулайманкулов 2016-жылы башкаларга кол чатыр көтөрттү деп коомдун сынына кабылган. Кийин ал өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. 

Нурлан Сулайманкулов бир канча жылдан бери прокуратура тармагында иштеп келген. Чүй облусунун, Бишкек шаарынын, Кочкор, Сузак райондорунун прокурору, Башкы прокуратурада бөлүм башчы сыяктуу бир катар кызматтарды аркалаган. Юстициянын полковниги, I класстагы кеңешчи чиндери бар.

2022-жылдын июнь айында Сулайманкулов Президенттин администрациясынын, Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган.

Количество просмотров: 253