• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кол тийбестик меселеси чечилээр убакта, Атамбаев түз эфирде марафонго чыгат

25 Кулжа 201917:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.

Эртең, 26-июнда Атамбаевге таандык делген «Апрель» телеканалы «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафонун өткөрөт.

«Апрель» каналынын сайтынын жазган маалыматына ылайык, күнү бою саат 8:00дөн 24:00гө чейин түз эфирде ар башка адамдар менен мыйзамсыздык, саясий куугунтуктоо, бул көрүнүштөрдүн себептери жана кесепеттери тууралуу маектер көрсөтүлөт.

Ошондой эле, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү маалымат борборунда студия иштейт.

«Биздин максат  – баарыбыз биригип, бийликтен мыйзамдуулукту жана акыйкаттуулукту талап кылуу»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, парламент эртең экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карараары айтылуууда. Ал эми бүгүн, 25-июнда парламенттин тармактык комитети экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүмдү караган. Жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан экс-президенттин «өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады» деген кинеге катышы жок деп табылганын, калган бешөө боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылганын жарыялады. ​

Парламент 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жөнөткөн.


Количество просмотров: 14