Иш чөйрөсүн жандандыруунун графиги тууралуу социалдык тармактарга жайылтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
«Маалымат чындыкка дал келбейт. Азырынча тейлөө жайлары качан иштей турганы белгисиз»,- деп билдирди Орозалиев.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда 1-5-май күндөрү чарбалык буюмдар сатылган дүкөндөр, техникалык тейлөө, автоунаа жуучу жайлар жана чач тарачтар менен сулуулук салондору иштей баштары жазылган сүрөттөр тарап жатат. Ошол эле баракта 6-10-майда күрөөканалар, чакан насыя берүүчү компаниялар, 11-15-май күндөрү ашкана, кафелер, жатаканалар ишин жандантары көрсөтүлгөн.