• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Коменданттык саат: 91 жаран кармалды

9 Чын куран 2020 9:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-апрелге караган түнү коменданттык сааттын эрежелерин бузган 91 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандар аймактардагы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 10 автоунаа айып короого токтотулган. Текшерүү иштери коменданттык саат режими бар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.

Кармалгандардын ичинен:
— Бишкек шаары боюнча 61;

— Ош шаары боюнча 6;

— Жалал-Абад шаарында 3;

— Сузак районунда 21 адам бар.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган эмес.

Количество просмотров: 66