• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коменданттык саат: Бишкекте 137 адам кармалды

31 Жалган куран 2020 9:24 Бишкек Govori.TV

Түндө Бишкекте 137 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта эртең мененки онлайн брифингде ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө.

«Шаардын ар бир районунда жөө патрулдар уюштурулду. Биринчи май районунда 55, Свердлов районунда 80, Ленин районунда 81, Октябрь районунда 120 патруль бар. Ошондой эле коменданттык саат учурунда, Бишкек шаарында 137 адам кармалды. Алар 18 аял киши, 116 эркек адам жана 3 өспүрүм»,-деди Орозалиев.

Орозалиев протокол түзүлгөндөн кийин кармалган адамдар кое берилгенин кошумчалады.

Количество просмотров: 155