25-апрелге караган түнү өзгөчө абал жарыяланган аймактардан коменданттык сааттын эрежелерин бузган 80 адам кармалды. 5 автоунаа айып короого киргизилгенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими жарыяланган. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.
Бүгүн түнү кармалган жарандар:
— Бишкек шаары боюнча 52 адам;
— Ош шаары боюнча 5 адам;
— Ат-Башы району боюнча 5;
— Сузак району боюнча 21 адам кармалды;
— Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Кара-Суу, Ноокат районунда тартип бузгандар болгон жок.