• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Коменданттык саатты 58 адам бузду

15 Чын куран 202013:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелге караган түнү коменданттык сааттын эрежелерин бузган 58 адам аймактык милиция пункттарына жеткирилип, 5 автоунаа айып короого токтотулган. Текшерүү иштери Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кармалгандардын ичинен:

— Бишкек шаары боюнча 43 адам;

— Жалал-Абад шаары боюнча 7;

— Ош шаары боюнча 1 адам;

— Сузак району боюнча 4;

— Кара-Суу району боюнча 3 адам бар.

Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок. Жалпысынан коменданттык саат башталган 25-марттан бери 2576 адам тартип бузганы үчүн кармалган.

Количество просмотров: 39