• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коменданттык саатты бузган 117 адам кармалды

3 Чын куран 2020 10:38 Бишкек Govori.TV

3-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат эрежесин бузган 117 адам кармалды, алты машине атайын токтотуучу жайга киргизилди. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Бишкекте 86, Ошто 29, Сузак районунда бир, Кара-Суу районунда бир адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жалал-Абад шаары менен Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Жалпысынан 25-марттан баштап милициянын кайгуул тобу өлкө аймагында 1606 жаранды коменданттык саат эрежесин бузганы үчүн кармап, эртең менен кое берди.

25-марттан 15-апрелге чейин президенттин жарлыгы менен Бишкек шаарынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилген.

Количество просмотров: 79