12-апрелге карата коменданттык саат учурунда жалпы 95 жаран тартип бузуп кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат (Ош облусу), Сузак районунда (Жалал-Абад) коменданттык саатта тартип бузуп, аймактык укук оргоо органдарына жалпы 95 адам жеткирилип, 8 автоунаа айыпка токтотулуучу жайга коюлду.
«Кармалгандардын баары менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, коменданттык саат бүткөн соң үйлөрүнө жиберилди»,-деп айтылат маалыматта.
Анын арасында Бишкекте — 66, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад шаарында – 8, Сузак районунда- 16 адам катталды. Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузгандар болгон жок. Натыйжада мурунку күндөргө салыштырмалуу аймактарда коменданттык саатты бузгандар азайды.